Депутат Тынчтык Шайназаров: "Батукаевди бошоткон судья Нарын облусунун райондор аралык сотунда иштеп жатат"

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тынчтык Шайназаров Батукаевди бошоткон Жапар Эрматов Нарын облусунун райондор аралык сотунда судья болуп иштегенине нааразы болду. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында билдирди.

Ошол учурда Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева Жапар Эрматов мыйзамда көрсөтүлгөн тандоодон өтүп президент тарабынан тандалганын айтты.

Шайназаров: “Бул жерде президентке аралаштырбайлы. Сотторду тандоо курамында 24 адам бар, ошолор каякты карады? Жогорку сот каякты карады? Президенттин кандай тиешеси бар? Ал 100дөгөн соттор бар, бардыгын тааныбайт да. Мыйзамсыз чыгарылган Батукаевди караган сот эмне себептен азыркы күнгө чейин сот болуп иштейт?” - деди.

Айнаш Токбаева мыйзам боюнча Жогорку соттун төрайымы судьялардын тандоосуна киришкенге акысы жок экенин билдирди.

Шайназаров ушундай көрүнүштөн коомчулукта сотторго ишеним жок болуп жатканын айтты.

“Сиз Жогорку соттун төрайымы катары андайга жол бербеш керек элеңиз. Жок дегенде маалымат берип коюш керек да. Тыпыйып, унчукпай отургандан жыйынтык чыкпайт”, - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан