ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: 49 жыл мурун атактуу афроамерикалык укук коргоочу Мартин Лютер Кинг көз жумган

Мындан 49 жыл мурун, 1968-жылы 4-апрелде адам укуктары үчүн өмүрүн сайган күрөшчү, ошол талыкпаган күрөшүү үчүн "Нобель" сыйлыгына татыктуу болгон окумуштуу, публицист, орошон оратор, укук коргоочу Мартин Лютер Кинг АКШнын Теннеси штатындагы Мемфис шаарында расист снайпер Жеймс Эрл Реенин огунан 39 жашында мерт болгон.

Мартин Кинг АКШнын Жоржия штатындагы Атланта шаарында 1929-жылы 15-январда туулган. 13 жашында Атланта университетинин лицейине окууга кирген. 15 жашында Жоржия штатындагы афроамерикалык уюмдун ораторлор сынагында жеңүүчү болуп табылган. Кинг негроид расасынан чыккан биринчи активдүү коомдук ишмер болуу менен АКШдагы кара расадагы адамдардын жарандык укуктарын коргогон жана расизм, дискриминацияга каршы күрөшкөн патриот инсан болгон. Ошондой эле АКШнын Вьетнам мамлекетине жасаган колониалдуу агрессиялык саясатына да каршы пикир билдирген. 1960-жылы Жавахарлал Нерунун чакыруусу менен Индия мамлекетинде болуп, Махатма Гандинин ишмердүүлүгү менен кенен таанышкан.
Мартин Лютер Кинг каза болгондон кийин кара түстүү расадагы адамдардын укугун коргоочунун туулган күнүн майрам катары белгилөө жөнүндө Конгресске АКШ жарандары тынымсыз сунуштап келишкен. Бирок Конгрессте колдоочу добуштардын саны жетпей келген. 1983-жылы мамлекеттик деңгээлде майрамдоо боюнча мыйзам долбоору кайрадан Конгресске сунушталып, акырында колдоого ээ болгон. Ал мыйзам Америка президенти Рональд Рейган тарабынан бекитилген.
Майрам биринчи жолу 1986-жылы 20-январда белгиленген. Ал эми бүткүл Америка калкынын улуттук деңгээлдеги майрамы катары 2000-жылдын 20-январынан бери майрамдалып келген. Бул майрам күнү бардык мекеме, ишканалар жабылып, эскерүүлөрдү өткөрүшкөн. Вашингтондо Мартин Кингдин бюсту 1986-жылы 16-январда орнотулган.

4-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан