Депутат Ирина Карамушкинанын Украинага киришине тыюу салынды

Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын Украина аймагына киришине тыюу салынды. Бул тууралуу 4-апрелде украиналык журналист Илья Лукаш интернетте жеке баракчасына жазды. Карамушкинаны өлкө аймагына киргизбөө чечимин Украинанын Коопсуздук кызматы кабыл алганы айтылды. Журналист бул боюнча атайын кызматка кайрылгандан кийин аталган депутаттын Украина аймагына киришине тыюу салынганы тууралуу жооп болгон. Ал эми депутат Марат Аманкулов жөнүндө маалымат айтылган жок.

Эскерте кетсек, парламент депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкина марттын аяк ченинде Крымга барышкан. Мындан кийин Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси Николай Дорошенко депутаттардын Крымга барышы боюнча Кыргыз мамлекетинин Тышкы иштер министрлигине нааразычылык нотасын жөнөткөн. Крым Украинага караштуу аймак деп, Кыргыз депутаттары аталган жарым аралга барарда Украина менен макулдашкан эмес деп нааразычылык билдирген элчилик. Депутаттар Крымга жеке сапары менен барганын, эч кандай саясий билдирүү жасашпаганын айтып жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан