Каржы министрлиги: “Дыйкандарга 7 пайыздык насыя берилсе, насыялардын суммасы 2,6 миллиард сомго чейин төмөндөйт”

“Дыйкандарга 7 пайыздык насыялар берилсе, насыялардын суммасы 2,6 миллиард сомго чейин төмөндөйт”, - деди 12-апрелде парламентте каржы министринин орун басары Алмаз Азимов.

Анын айтымында, 2017-жылы бюджеттен “Айыл чарбаны каржылоо-5” долбооруна 700 миллион сом каралган.

"Ата Мекен" фракциясынын депутаты Сайдулла Нышанов дыйкандар 9-10 пайыздык төлөм менен насыя ала албай жатканын айтып, 7 пайыздык төлөм менен насыя берилет деп элди алдабоого чакырды. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдинов дыйкандарга башка жол менен жардам берүү керектигине токтолду.

Учурда парламентте “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары демилгелеген “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Анда айыл чарба өндүрүүчүлөргө 7 пайыздык төлөм менен насыя берүү каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан