Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңеште ишке орношууда соттолбогондук тууралуу маалым катты талап кылууну жойгон мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырылды.
Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбоору добуш берүүгө коюлуп, 118 депутат колдоп, 1 депутат каршы чыкты.
Демилгечиси КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев. Ал буга чейин маалым катты алууда бир топ кыйынчылыктар жаралып жатканын айткан.
"Интернет аркылуу бул кагазды алса болот деген маалымат тараган. Бирок баары бир аны алууга Ички иштер министрлигине барып, терминалга ошол эле сумманы төлөө керек экен. Бул маселени жумушка орношкон адам эмес, ишке алып жаткан компания же мекеме ойлонушу керек”, - деп билдирген.