Алмазбек Атамбаев Молдованын президенти менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев бүгүн, 13-апрелде ЕАЭБдин саммитине катышуу үчүн келген Молдованын президенти Игорь Додон менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланып, байланышты активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Молдованын президенти Игорь Додон эки өлкөнүн достук мамилесине токтолуп, Кыргыз Республикасына чакырганы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты.

Айта кетсек, 14-апрелде Евразиялык экономикалык биримдиктин жыйыны болот. Ага Армения, Казакстан, Беларусь, Орусиянын президенттеринин катышары күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан