Бишкекке Армениянын президенти келди

Кыргыз Республикасына 13-апрелде Армениянын президенти Серж Саргсян келди. Аны "Манас" аэропортунан Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков тосуп алганын өкмөттүк аппараттан билдиришти.

Армениянын президенти 14-апрелде Бишкекте өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышуу үчүн келди. Өлкөгө Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттеринин келиши да күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан