Кайрат Осмоналиев, БШКнын мүчөсү: "Президенттик шайлоо күнү боюнча талашка Жогорку Кеңеш чекит коюшу керек"

Президенттик шайлоо күнү боюнча талашка Жогорку Кеңеш чекит коюшу керек. Бул тууралуу 19-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев (сүрөттө солдо) билдирди.

"Парламент бул маселеге чекит коёт деп үмүттөнөм. Жогорку Кеңеш үн катпаса Жогорку Соттун Конституциялык палатасы карашы керек. Андай болбосо гана Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзамдын чегинде тийиштүү чечимдерди кабыл алса болот. БШК шайлоолорду мыйзамдын негизинде уюштурууга жана өткөрүүгө жооп берет. Туура, Конституция өлкөнүн негизги мыйзамы. Бирок ага баарын жазууга мүмкүн эмес. Мыйзамдык түзүм бар, Шайлоо жөнүндө мыйзамда президенттик шайлоо качан өтөрү так жазылган. Бизге татыктуу президент керек. Президенттик шайлоо эки тур менен өтүшү мүмкүн", - деди Осмоналиев.

"Президенттик шайлоо качан өтүшү керек? Августтабы же ноябрдабы?" Бишкекте бүгүн, 19-апрелде ушундай аталышта талкуу өтүүдө.

18-апрелде БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова: "Президенттик шайлоо күнү боюнча "Ата Мекен" фракциясы менен Борбордук шайлоо комиссиясынын талашына Конституциялык палата чекит коюшу керек" деген эле.

"Ата Мекен" президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августуна дайындоону сунуштоодо. Эгерде шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтсө, жаӊы президент 1-декабрга чейин кызматка киришүүгө үлгүрбөйт, мындай жагдайда азыркы президенттин кызматтык мөөнөтү мыйзамсыз узартылат деп жатышат "ата мекенчилер".

БШК президентти шайлоо боюнча Конституциялык мыйзамга таянып, шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтүшү керектигин билдирүүдө. Президент Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында кызматына киришкен. Конституцияга ылайык, 2017-жылдын 1-декабрында анын мыйзамдуу мөөнөтү толук бүтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан