Бүгүн, 21-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун алдына митингге чыгышты. Алардын негизги талабы Өмүрбек Текебаевди тергөө абагынан бошотуу. Учурда соттун алдында 50дөн ашуун адам бар. Ошондой эле сот имараты милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынган.
Митингдин жүрүшүндө катышуучуларга "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Садык Шер-Нияз, Каныбек Иманалиев, Наталья Никитенко, Аида Салянова, Сайдулла Нышанов, Бахадыр Сулейманов, экс-депутат Эркингүл Иманкожоева, коомдук ишмер Турсунбек Акун кошулушту.
Садык Шер-Нияз "Ата Мекен" партиясы кайратынан жазбай турганын айтты. "Бийликтегилер "Текебаевди камасак эле бүтөт" дешти эле, бирок Текебаевдин рейтинги үч эсе өсүп кетти. Анык кылмышкерлерди кызыл килем салып узатып, ал эми эл үчүн күйгөн адамды колуна кишен салып камакка алуу акыйкаттыкпы? Ооба, биз бүгүн кыйналып турабыз. Бирок "Ата Мекен" партиясы кайратынан жазбайт", - деди депутат.
Бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди камактан бошотуу же калтыруу маселесин карамакчы.