MegaCom Туулган күнүн белгилөөдө!

Кыргыз өлкөсүнүн алдынкы оператору 11 жылдыгын белгилөөдө. 2006-жылдын 28-апрелинде MegaCom байланыш тармагынын расмий ачылышы болуп, мега-түйүндүн алгачкы абоненттерине байланыш кызматтары көрсөтүлө баштаган.

MegaCom компаниясынын Кыргыз мамлекетинде жана өлкө аймагынан тышкары да сапаттуу жана жеткиликтүү мобилдик байланыш тартуулап келе жаткандыгына быйыл 11 жылдын жүзү болду. 3 миллионго чамалуу Кыргыз жарандары MegaCom'ду тандашат. Уюлдук оператордун абоненттери өз жакындары менен ар дайым байланышта болушуп, жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен колдонуп келишет.

MegaCom Кыргыз өлкөсүндө ири мобилдик түйүндү түптөө менен, мобилдик түйүндү камсыздоо боюнча көч башында келе жатат. Компаниянын адистери каптоо аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу багытында алгылыктуу иштерди жүргүзүп келишүүдө. Айта кетсек, MegaCom 2016-жылы 4G LTE технологиясын ишке киргизди. Ал аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет менен пайдаланган мега-түйүндүн абоненттеринин саны арбын.

MegaCom – ISO 9001:2015 жаңыланган эл аралык сапаттык стандарттын талаптарына шайкештигин далилдеген, сапат жаатындагы жетишкендиктери үчүн КМШ өлкөлөрүнүн Эл аралык премиясынын дипломунун ээси жана БУУнун Эл аралык электр байланыш уюмунун мүчөсү болгон Кыргыз Республикасындагы алгачкы жана бирден бир мобилдик оператор.

"Дүйнөлүк экономикада жана жалпы эле аймакта түзүлгөн татаал жагдайга карабастан, MegaCom уюлдук байланыш чөйрөсүндө ийгиликтүү ишмердик жүргүзүп келет. Компаниянын негизги максаты – бардык кардарларыбызды сапаттуу байланыш менен камсыз кылуу, жаңы технологияларды ишке киргизүү, абоненттердин мүдөөсүнө төп келген ыңгайлуу тарифтерди жана кызматтарды иштеп чыгуу, тейлөө сапатын жакшыртуу жана ишенимдүү мобилдик байланыш кызматтарын көрсөтүү", - деп белгилей кетти компаниянын башкы директору Азат Базаркулов.

Мобилдик оператор өлкөбүздүн социалдык долбоорлоруна колдоо көрсөтүп келет. Билим берүү чөйрөсү, ардагерлер жана балдар үйлөрү ар дайым компаниянын көңүл борборунда. Жыл сайын мамлекеттик казынага салык катары которуулардан тышкары компания мамлекеттик деңгээлдеги масштабдуу долбоорлорго колдоо көрсөтүүнү, улуттук баалуулуктарга, маданиятка, спортко өзгөчө көңүл бөлүүнү да эсинен чыгарбайт.

MegaCom компаниясы ушул күнү бардык абоненттерине чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирет! Абоненттердин ишеними келечекте жаңы бийиктиктерди багындырууга дем берет. Facebook, Instagram, Twitter жана Одноклассники социалдык түйүндөрүндөгү компаниянын расмий баракчаларынан компаниянын түптөлгөн күнүнө арналган конкурстар жана иш-чаралар тууралуу маалымат алыңыз.

MegaCom – өлкөбүздүн ишенимдүү оператору.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
baltabai
2017-04-28 17:54:20
Мм Мм
-4
RusMos76
2017-04-28 19:10:37
эмнеге сатылып атты экен тушунбойм
0
nur_zhoni
2017-04-28 22:25:31
Аша озунун эсебине откорот
0
Satana
2017-04-29 10:03:57
Аша олойун деп калган окшойт тойбой.
Мульти миллиардер болоюн деп
0
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-29 15:03:27
Мекгакомдун сапаты жакшы, бирок интернетти билайнга караганда алда канча кымбат.
+2
Ashka
2017-04-29 15:09:06
Интернети начар
0
Ma9
2017-04-29 16:10:51
Интернет начар иштейт кымбат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан