Улуу Британияда биринчи жана азырынча жалгыз өкмөт башчы аял катары тарыхка кирген Маргарет Тэтчер 38 жыл мурун, 1979-жылы 4-майда премьер-министр болуп шайланган. Улуу Британиянын 71-премьер-министри болгон Маргарет Тэтчер бул орунда 1990-жылдын 28-ноябрына чейин отурган.
Ал 1925-жылы 13-октябрда туулуп, 2013-жылы 8-апрелде дүйнөдөн кайткан. Совет бийлигин кескин сынга алып, бир канча консервативдик чараларды ишке ашырганы үчүн аны "темир аял" деп атап коюшкан.
Тэтчер 1970-жылы билим берүү жана илим министри болгон. 1975-жылы Улуу Британиядагы негизги оппозициялык партиянын башчылыгына шайланган. Анын партиясы 1979-жылы жеңишке жеткенден кийин Маргарет Тэтчер премьер-министрликке келген. 1987-жылы кайрадан өкмөт башчы болуп шайланат.
4-майга карата жылнаама.