Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында 9-Май - Жеңиш күнүнө карата эр эңиш боюнча мелдештер өттү

Бишкек шаарынын "Аккула" ат майданында 9-май - Улуу Жеңиш күнүнө карата эр эңиш боюнча мелдештер өттү. Ага балбандар өлкөбүздүн ар кайсы аймактарынан келип катышып, 6 салмак категориясынан жеңичүүлөр аныкталды.

Жеңичүүлөрдүн тизмеси:

60 килограмм салмактагы беттеш:

1-орун: Турсунбай уулу Жекшен (Нарын облусу)

2-орун: Кадырманов Замирбек (Нарын облусу)

3-орун: Айдабек уулу Балбай (Нарын облусу)

70 кг. салмактагы беттештерде:

1-орун: Таалайбек уулу Адилет (Нарын облусу)

2-орун: Курманбек уулу Эламан

3-орун: Темирбек уулу Чолпонбай (Нарын облусу)

80 кг. салмактагы беттеш:

1-орун: Мунур уулу Амантур (Талас облусу)

2-орун: Бузурманкул уулу Калыбек (Чүй облусу)

3-орун: Азизбек уулу Даниэль (Ош облусу)

90 кг. салмактагы беттеште:

1-орун: Алтымышов Марат (Талас облусу)

2-орун: Бердибек уулу Ислам (Нарын облусу)

3-орун: Дилдебаев Бактияр (Бишкек шаары)

90 кг. жогору салмактагы беттеште:

1-орун: Кадыралиев Күмүш (Талас облусу)

2-орун: Байбетушов Максат (Нарын облусу)

3-орун: Уралиев Каныбек (Чүй облусу)

Байге фондун бир нече мекеме каржылаган. Айта кетсек, президенттин аппаратынын фондунан 500 миң сом, премьер-министрдин фондунан 250 миң сом, Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 300 миң сом каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azamat_15
2017-05-09 18:44:24
8 бала биздин айылдык экен азаматсынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан