"Супер-Инфонун" окурманы: “Уттуңуз” деп чалышканда өзүмдү жоготуп койдум

30-май күнү “Супер-Инфо” гезитинин редакциясында басылманын 15 жылдыгына карата өткөрүлүп жаткан оюн-утуштун кезектеги жеңүүчүсүнө белек тапшырылды.

Чүй облусундагы окурмандар үчүн ойнотулган оюн-утуштун жеңүүчүсү Бактыгүл Чоробекованын ордуна белегин жеңүүчүнүн тууганы Бекжан Дүйшөналиев келип алып кетти. Бактыгүл Чоробековага байланышканыбызда, ал: “Сокулукта жашайм. 36 жаштамын. Бир нече жылдан бери “Супер-Инфо” гезитин окуйм. Оюн-утушка катышканда утам деп деле ойлогон эмесмин. “Уттуңуз” деп чалышканда өзүмдү жоготуп койдум. Көбүнчө сериалдарды, тамак-аш тууралуу жазылган кеңеш материалдарын кызыгып окуйм. Азыр так эмес маалыматты жазган гезиттер көбөйүп кетти. Силер алардан айырмаланып, элге туура, ишенимдүү маалымат бересиздер. Өсүп-өнүгө бериңиздер! Ар дайым элдин сүймөнчүгү болуп жүрө бергиле!” - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан