Жайында тез интернеттен ырахат алыңыз: Beeline тармагын өнүктүрүүдө

Жай – жагымдуу саякаттардын, көптөн күткөн жолугушуулардын жана жаркын таасирлердин мезгили. Мындай учурларда байланышта болуу өзгөчө маанилүү. Beeline менен бул мүмкүн!

Уюлдук оператор тармактын сапатын жакшыртуу боюнча масштабдуу ишти улантууда. Акыркы айларда Beeline Кыргызстан өлкөнүн ар кайсы бурчунда — борбор калаанын жаңы конуштарынан тартып алыскы айылдарга чейин 70тен ашык объектини куруп, модернизациялады.

Бишкекте Ак-Ордо, Калыс-Ордо конуштарында, ошондой эле борбор калаанын борбордук бөлүктөрүндө камтуу күчөтүлдү. Мындай райондордо тармак адатта байланыштын кызуу мезгилинде жогорку жүктөмгө туш болот. Инфраструктураны кеңейтүү байланыштын сапатын жакшыртууга жана мобилдик интернетти үйдө, жолдо же сейилдөөдө ыңгайлуу пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Өлкөнүн түштүгүндө Ош, Баткен жана Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле түштүк аймактардын бир катар айылдарында, анын ичинде Кашкар-Кыштак, Жеңиш жана Таш-Дөбө айылдарында байланыш жакшыртылды. Бул калктуу конуштар чек арага жакын же алыскы райондордо жайгашкан, ал жерде туруктуу байланышка жана санариптик кызматтарга жетүү өзгөчө маанилүү.

Ош, Жалал-Абад, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында ондогон базалык станциялар модернизацияланды. Эң масштабдуу иштер Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Аксы жана Сузак райондорунда жүргүзүлдү — бул жерде көп сандаган колдонуучулар жашайт жана санариптик кызматтарга суроо-талап тынымсыз өсүүдө.

— Beeline Кыргызстан тармакты өнүктүрүүгө инвестициялоону улантууда, — деди компаниянын башкы директору Андрей Пятахин. — Биз камтууну кеңейтип жана күчөтүп, ар кандай шарттарда — калк жыш жайгашкан райондордон тартып өлкөбүздүн алыскы бурчтарына чейин иштейбиз. Мунун баары ар бир кыргызстандык ишенимдүү байланышты жана заманбап технологияларды колдоно алышы үчүн зарыл. Биздин ишибиз уланууда, бул демек, Beeline байланышы барган сайын жакшыра берет дегенди билдирет.

Бул мүмкүн. Бул Beeline.

КР СӨMгө караштуу БТЖCжККнын № 15-1420-КР, № 16-1526-КР, №16-1527-КР, № 14-1102-КР, № 14-1125-КР, № 16-0089-КР, № 20-0388-КР уруксаттамалары

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан