Мектеп окуучуларынын жана студенттердин жайкы каникулдары башталды жана балдар эс алууга чыгышты. Кимдир бирөө айылга чоң атасына жана чоң апасына кетти, кимдир бирөө чыгармачыл же спорт ийримине жазылып, кимдир бирөө жөн гана үйдө калды. Баланын коопсуздугу – бул баарыдан мурда ата-энелерди кабатыр кылат, бирок алар бош эмес болгондуктан өз балдарынын жанында дайыма боло алышпайт.
О! мобилдик оператору заманбап ата-энелерге баланын жүргөн жерин божомолдоону токтотуп, «Балдар кайда?» кызматын колдонууну сунуштады.
«Балдар кайда?» кызматынын артыкчылыктары:
О!нун абоненттеринин арасында аябай популярдуу болгон кызмат ата-энелерге балдардын ишине алар көздөн алыс жүргөндө толук кандуу көзөмөлдөөнү сунуш кылат. Кызмат эгер балаңыз шаарды жакшы билбесе аябай пайдалуу. Баланын телефонуна *7898*7# буйрутмасын 1 баскычындагы «тез терүүгө» сактап коюуңуз, мисалга аны басканда «Көңүл бур, мен бул жакта!» сигналы дароо иштейт, ал ошол замат балаңыз кайда экенин маалымдайт. «Балдар кайда?» кызматын мобилдик түзүлүштөн да, кадимки баскычтуу телефондон да колдонууга болот.
«Балдар кайда?» кызматын кантип кошуу керек?
Кызматты *7898# «чакырык» буйрутмасы менен колдоно баштаңыз. Андан кийин сервистик менюнун көрсөтмөлөрүн аткарыңыз. Кенен нускама www.o.kg сайтында жеткиликтүү.
Канча турат?
Кызматты алгачкы жолу кошкондо кызмат 10 күн акысыз берилет, андан кийин абоненттик төлөм суткасына болгону 3 сомду түзөт жана күн сайын 10го чейинки акысыз издөө сурамын жөнөтүүгө болот. Координаттары бар картаны кароодо интернет-трафик тарифтештирилбейт.
Кызмат Кыргыз өлкөсүнүн бүткүл аймагында О! түйүнү иштеген зоналарда иштейт.