Сиздин сүрөттөрүңүздөн сапаттуу фотокитепче чыгаруу кызматы иштей баштады

Эми сиз үйүңүзгө жашооңуздагы кызыктуу, бактылуу көз ирмемдерден тартылып алынган сүрөттөрдөн фотокитепчелердин текчесин ачсаңыз болот. Кыргыз өлкөсүндө да мындай мүмкүнчүлүк түзүлдү. Техника жана интернет заманында фотокитепче даярдоо абдан жөнөкөй жана бат. Өзүңүз жөнүндө небере, чеберелериңизге чейин элестүү маалымат калтырууну кааласаңыз, заманбап кызматтан пайдаланыңыз. Анткени алардын сапаты кылымга чейин сакталат.

Заманбап сүрөт китебине ээ болуу үчүн эч кандай убара тартпайсыз, үйдө отуруп эле интернеттен http://pb.kg/ сайтына киресиз. Сайттын негиздөөчүсү Иван Бугаев китепчени сиз өзүңүздүн чыгармачылыгыңыз менен каалагандай түзө аларыңызды айтат. Сайттын негизги бетинде сүрөттүн сапаттары, андагы дизайн, баалары тууралуу кенен маалымат берилген. Сиз ал менен таанышкандан кийин эң жогору жакта көрсөтүлгөн "түзүү" буйругун аткарыңыз.

"Фотокитепче - жашооңуздагы маанилүү учурлардан тартылып алынган сүрөттөрдүн кызыктуу топтому. Фотоархивдерди бир китепке каалаган көлөмдө, каалагандай сүрөттөп жазуу менен чыгаруу Европада кенен жайылган. Биздин өлкөдө биз бул кызматты ишке ашырып жатканыбызга 3 айдын жүзү болду. Буюрса, заманбап кызматтан пайдаланып, текчесин эң маанилүү деген фотографиялардан түзүлгөн китепчелер менен кооздоону каалагандар жок эмес", - дейт Бугаев.

Фотокитепчени түзүү үчүн каалаган социалдык тармактардагы баракчаңыздан сүрөттөрдү тандап, http://pb.kg/ сайтындагы кызыктуу рамкалар менен кооздоп, даяр болгон альбомду буюртма берүү буйругу менен жөнөтө аласыз.

Заманбап кызмат фотокитепченин акысын төлөөдө да китепти колуңузга берүүдө да сизди кыйнабайт. Анткени акчаны алып кетүү жана даяр болгон буюртмаңызды сизге жеткирип берүү кызматтары бар.

"Эконом", "Стандарт", "Премиум" - үч түрдүү китептер сапаты, көлөмү, сүрөттөрдүн саны жагынан айырмаланат.

"Эконом" үлгүсүндөгү фотокитепче - 550 сомдон,

"Стандарт" үлгүсүндөгү фотокитепче - 990 сомдон,

"Премиум" үлгүсүндөгү фотокитепче - 1300 сомдон башталат.

Print book сүрөттөр басылмасынын http://pb.kg/ сайтын сиздер Facebook, Одноклассники, Instagram баракчалары аркылуу да таба аласыздар.


кошулду
“Print book” программасы Кыргызстанда алгачкы жолу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
balykchy2012
2017-07-03 11:04:49
Ааиий жакшы экенго
+1
lesa123
2017-07-03 11:50:55
Абдан сонун го, мага жакты. Иштеринерге ийгилик! Мен созсуз алам
+1
srk312
2017-07-03 11:53:03
ух ты! соонун экен . мен дагы озумо заказ кылгым келип атат
0
Aykan08
2017-07-03 11:59:20
Мага да жакты, сага оздору чыгарып, альбомго чыгарып берет экен. Инстаграммга да илсе болот экен. Созсуз алыш.Белек катары бергенге. Жигиттер кыздарга соонун белек. Акчасы деле кымбат эмес экен.Аябай жакты!!!
+2
take2802
2017-07-03 18:52:43
Жакшы жанылык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан