Калктын укугун коргоо. Укук коргоо уюмдарын жогорку деңгээлде юридикалык жардам берүүгө кантип үйрөтүү керек?

Жөнөкөй жарандар өз укуктарын кантип коргошу керек?

Мындай суроо менен укук коргоо уюмдарына Кыргыз өлкөсүнүн айылдарынын көп тургундары оор кырдаалга кабылганда кайрылышат. Бирок көйгөй көбүнчө жогорку деңгээлдеги юридикалык жардам көрсөтүлбөгөнүндө болот.

“Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетүү жолун жакшыртып, укуктун улуктугун бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчтөнтүү” долбоору дал ушул маселени чечүүгө багытталган. “Адилет” укуктук клиникасы Европа кеңешинин каржылык колдоосу менен Борбор Азиядагы Евразия фонду жана ACTED-Кыргызстан уюму менен бирге жыл бою өлкөнүн 4 аймагында калкка бекер юридикалык жардам көрсөтүп жатты.

Бул иштин пайдасын аялдар, эрезеге жете элек балдар, этникалык аздыктагы жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар (бенефициарлар) көрүп жатышты. Долбоор өткөн жылдын ноябрь айында аяктаган, бул убак аралыгында долбоордо катышкан юристтер тарабынан кайрылган 4 миң 749 адамга 5 миң 304 консультация берилген. Бенефициарлардын көпчүлүгү 4 413ү айыл жергесиндеги аялдар. Бул көрсөткүч аймактардагы аялдар азыркыга чейин аярлуу катмар экенин, укуктарын коргоо боюнча жардамга муктаж экенин тастыктайт. Ошондой эле бекер юридикалык жардам 1 413 жаш балага, 462 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жана 598 улуттук азчылыктын өкүлдөрүнө көрсөтүлгөн.

“Долбоор алгач Кыргыз жергесинде жана Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдө 2012-2014-жылдары өткөрүлгөн “Мыйзам алдындагы теңдик: сот адилеттигине жетүү” программасынын уландысы катары ишке ашырылып жаткан. Долбоордун негизги максаты жер-жерлерде жарандык коомдун түзүлүшүнүн потенциалын күчөтүү, ошондой эле калктын аярлуу катмарынын укуктарынын сакталышын камсыздоо, тагыраагы: этникалык аздыктын өкүлдөрүнүн, аялдардын, жаштардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин. “Адилет” укуктук клиникасы калктын аярлуу катмарынын укуктарын көптөн бери коргоп келгендиктен биз ар дайым мындай долбоорлорго катышууга жана мыйзамдын улуктугун бекемдөөгө өз салымыбызды кошууга аракет кылабыз”, - деп белгилейт “Адилет” клиникасынын өкүлү Айнура Осмоналиева.

Жарандык коомдун түзүлүшүнүн потенциалы кантип бекемделип келген?

Борбор Азиядагы Евразия Фондунун директору Динара Мусабекова айтып бергендей, укук коргоочу уюмдарга жогорку деңгээлдеги юристтер жардам берип келишкен.

“Биз бенефициарларга жардам берчү уюмдар менен укук коргоочу уюмдардын тармагын түзүп, алардын потенциалын жогорулатуу үчүн иш жүргүздүк. Тармакка республика боюнча 47 уюм кирген. Алар үчүн адам укуктары боюнча, өзгөчө тандалган бенефициарлардын категориясына жараша балдар, аялдар, майыптар, улуттар азчылыктын өкүлдөрүнүн укугунун конвенциясы боюнча тренингдер жана семинарлар өткөрүлгөн. Бул уюмдар үчүн консультациялар ар дайым жеткиликтүү болуш үчүн онлайн платформа түздүк. Каттоо номеринин жардамы менен алар бенефициарларынын иштери боюнча ар дайым юристтер менен сүйлөшүп, консультация ала алышат. Мындай кызматтар кымбат болгондуктан укук коргоочу уюмдар юрист менен иштеше алышкан эмес. Ал эми бул долбоордун алкагында алар бекер кеңештерди алып, юридикалык маселелер боюнча багыт алып жана бенефициарларына сапаттуу жардам көрсөтө алышат”, - деп белгиледи Мусабекова.

Семинар жана тренингдердин, маалымат жана окутуучу материалдардын жардамы менен укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү өзүлөрүнүн юридикалык билиминин сапатын жогорулата алышкан жана укуктук жардам берүү боюнча өз ишмердүүлүктөрүндө аларды колдоно алышкан.

Мындан сырткары “Адилет” укуктук клиникасынын юристтери бейөкмөт уюмдары үчүн кардарларын физикалык жактан – соттордо кызыкчылыгын коргоого, арыздарды иштеп чыгууга жардам берип келишет.

“Юристтер урунттуу учурларды чогултуп, бенефициарлар кайрылган маселелерди аныкташкан. Алар биз коомчулукка, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына, акыйкаттык боюнча органдарга эмне себептен бул же тигил нормативдер иштебей жатканы, эмнеге жарандардан укугу бузулуп жатканы жана кантип бул тоскоолдуктарды мыйзамды өзгөртүү жана жаңы инструкциялар менен жокко чыгаруу керектиги тууралуу маалымат материалдарын, видеороликтерин иштеп чыгууга чогултулган”, - деп кошумчалады Борбор Азиядагы Евразия фондунун директору.

ACTED эл аралык уюмунун өкүлү, долбоордун менеджери Айбек Жумашукуров уюм юридикалык жардам көрсөткөн юридикалык фирмаларды жана бейөкмөт уюмдарды табуу боюнча карта иштеп чыкканын билдирди. Бул карта ар дайым жаңыланып турат. Калкына бекер юридикалык жардам керек делген райондордун тизмесине Чоң-Алай, Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Токтогул, Ала-Бука, Чаткал, Тогуз-Торо, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Түп, Тоң райондору кирген.

Бул райондордун тургундары долбоор иштеп жаткан кезинде ар кандай суроолор менен кайрылышкан, алардын арасынан жер тилкелерин бөлүштүрүү, жер тилкелерин каттоо укугу, үй-бүлөлүк маселелер – ажырашуу, биргелешкен мүлктү бөлүштүрүү, алименттерди төлөтүү, аталыгын аныктоо, ата-энелик укугунан ажыратуу, ошондой эле балдардын жашай турган жери боюнча суроолор менен көп кайрылышкан.

Иш жүзүндө тургундар өзүлөрүнүн укуктары жана жалпысынан өлкөнүн мыйзамдары тууралуу жеткиликтүү маалыматка ээ эмес экени белгилүү болгон. Мындан улам алардын укуктары жарандар жана уюмдар тарабынан да, мамлекеттик органдар тарабынан да бузулушу мүмкүн. Акчалай каражаттын жоктугунан жарандар юристтерди жалдай алышпай, укук коргоочу уюмдарга кайрылышат, ал эми алардын өкүлдөрү юристтер эмес, көбүнчө укук коргоочулар. Бирок “Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүгүнө жетүү жолун жакшыртып, укуктун улуктугун бекемдөө үчүн жарандык коомдун ролун күчтөнтүү” долбоорунун жардамы менен алар өздөрүнүн тажрыйбасын жана билимин жогорулатышты, эми бенефициарларына сапаттуу укуктук жардам бере алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан