30-июнь күнү ырчы Токтобек Асаналиев менен анын мурунку жубайы Кенже Кубатованын уулу, 20 жаштагы Канат Наматбеков ууланып каза болду. Канат Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылына чоң атасыныкына 29-июнда барган. Эки таланттуу инсандын уулу жаштайынан комузга байланып, республикалык, эл аралык бир катар сынактарда баш байгени алып келген эле. Кан жутуп отурган Токтобек мырза: "Байкушум жаш кетпедиби... Жүрөгүм канталап, канатым кайрылып, карегимден айрылып, эринимди кесе тиштеп отурам", - дейт.
Канат Наматбековдун элесине гүлдесте “Супер-Инфонун” жаңы санына (№766, 7-июль, 2017-жыл) жарыяланды.