Жалал-Абад шаарынын Регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгында шаар куруу мыйзамдарынын талаптары одоно түрдө бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдагандай, "Б.К." ЖЧКсына беш кабаттуу турак жай куруу үчүн уруксат берүүчү документтер курулуш нормаларын бузуу менен колдонуудагы мыйзамдарда каралган талаптарды сактабастан берилген.
Аталган факты боюнча прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери уланууда.