Бүгүн, 28-июль АКШнын 35-президенти Жон Кеннединин жубайы Жаклин Кеннединин туулган күнү. Ал АКШнын дегеле дүйнө өлкөлөрүндөгү президенттердин аялдарынын арасында "Биринчи айым" деген түшүнүктүн киришине түрткү болгон аял катары таанымал. Анын кийинүү стили, баскан-турганы, өзүн алып жүрүүсү, жолдошуна болгон мамилеси, коомдогу орду президенттердин аялдары ушундай болуш керек деген эталонду түзүүгө себеп болгон дешет. Бардык эле биринчи айымдардай Жаклин Кеннеди дагы көңүл борборунда болгон. Ал деле журналисттерге интервью берген, фотографтарга сүрөткө түшкөн, бирок ар дайым чектен чыкпай орундуу жана жетиштүү маалыматтарды берип, бардык нерсенин чегин билген. Ак Үйдүн көк, бозомук түсүн алмаштырып, интерьерин жакшырткандан тартып, заманындагы аялдардын модага болгон көз карашынын өзгөрүүсүнө чейин таасирин берген Жаклин мода эталону аталып калган.
Жаклин Кеннеди киргизген "Биринчи айым" түшүнүгүнөн кийинки, дүйнөдөгү айрым биринчи айымдар тууралуу тесттен өтүп билиңиз.