Режиссёр Дооронбек Садырбаевдин “Махабат дастаны” тасмасы 1983-жылы тартылып, 2 жылдан кийин элдин сынына коюлган. Тасма бүткүл союздук республикаларда көрсөтүлүп, көрүүчүлөрдүн жакшы баасына татыган. Аны көргөн ар бир адам Раймалы менен Бегимайдын айтышын, Жалман ата жана анын небересин эстесе керек. Сиз да көргөн болсоңуз анда тесттен өтүп көрүңүз.