Кылым карыта жашап, тарых барактарында жазылып калган аталардын басып өткөн жолу тууралуу канчалык деӊгээлде билимиӊиз бар? Колуна кылыч, найза кармап жоокердик жашоо өткөргөн, Кокон хандыгы тушунда өмүр кечирген баатыр элдин таржымалын, хандык талашкан эрөөл жөнүндө билесизби? Анда чыгаан жазуучу Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" тарыхый романындагы каармандарды канчалык билериӊизди сыноо үчүн тесттен өтүп көрүңүз.