Өзбекстанда өтө турган оюнга Александр Крестинин Кыргыз өлкөсүнүн курамына 22 футболчуну чакырды

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Өзбекстандын футболчулары менен өтө турган жолдоштук беттешке 22 футболчуну чакырды. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт.

Маалыматка ылайык, аталган беттеш 25-август күнү Ташкент шаарында орун алат. Бул беттешке улуттук курамдын катарында чет өлкөдө ойногон футболчулар чакырылган эмес.

Кыргыз өлкөсүнүн курамы:

Дарбазачылар:

Павел Матяш, Валерий Кашуба;

Коргоочулар:

Азамат Байматов, Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго, Курсан Шератов, Аманбек Маныбеков, Владимир Казакбаев, Данила Сокирченко;

Жарым коргоочулар:

Бахтияр Дүйшөбеков, Фархат Мусабеков, Павел Сидоренко, Азиз Сыдыков, Ислам Шамшиев, Кайрат Жыргалбек уулу, Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Одилжон Абдурахманов, Муролимжон Ахмедов, Антон Землянухин;

Чабуулчулар:

Максат Алимов, Сүйүнтбек Мамыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
pyeon hwa
2017-08-15 15:39:40
Чабуулчулар жетишсиз((
0
Nazar76
2017-08-15 17:10:07
Уят кылбай жакшы ойногула ничья га ойноп келсенер деле болот силерге ийгилик жылмайсынчы
+3
bak1122
2017-08-15 18:04:37
Ничья болбош керек толька женил кутобуз ийгилик
0
bak1122
2017-08-15 18:04:52
Жениш
+1
mukhan.1992
2017-08-16 20:29:35
Ийгилик. Алимовду эртерээк эле чакырыш керек болчу, кеч болсодагы оюн корсотушуно ишенем
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан