Лионель Месси учурда Дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири. Ал Аргентина курама командасынын капитаны жана "Барселона" футболдук клубунун мыкты чабуулчусу. Месси бир нече командалык жана өздүк рекорддорду койгон. Ал Испания чемпиондугунун жана Чемпиондор Лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү. Лионель Месси тууралуу футбол легендасы Пеле "акыркы 10 жылдын мыкты футболчусу" деп айткан. Мессинин ар бир кадамы жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланып келет. SUPER.KG порталы сизге Месси жана анын карьерасы жөнүндө бир нече суроого жооп берүүгө сунуш кылат.