Көк бөрү боюнча Кыргыздын улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугу өтө турган Астана шаарына жетти. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги маалымдайт.
Маалыматка ылайык, көк бөрү боюнча Дүйнө чемпиондугу Астанада 20-28-август аралыгында өтөт. Ага аргымактары менен 12 спортчу барган. Кыргыз курама командасы “А” тайпасында ойноп Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия жана АКШ курама командалары менен беттешет.
Эскерте кетсек, аталган мелдешке Кыргыз курама командасынын мыкты оюнчуларынын бири болгон Манас Ниязовдун аргымагы кетип, өзү калып калган.