Балет бийчиси Саимбек Исманалиев дүйнөдөн кайтты

23-майда белгилүү балет бийчиси, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Саимбек Исманалиев дүйнөдөн кайтты. Иманалиев өмүрүнүн 50 жылдан ашыгын чыгармачылыкка арнаган. Ал Фрунзе музыкалык-хореографиялык окуу жайын аяктагандан кийин 1962-жылы Опера жана балет театрына кабыл алынган. Чыгармачылык ишмердүүлүгүндө ал Пётр Чайковскийдин “Ак куу көлүндө”, Адольф Адандын “Жизель” чыгармасында бийлеген жана башка көптөгөн опера жана балет спектаклдеринде роль жараткан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан