“Мага намыс керек, кыздык белгимди тигип бериңиз” же Кыргыз өлкөсүндө пластикалык операциянын кайсы түрү көп жасалат?

Корейлердин беттери эмнеге фарфордой тунук, бакыраң көз болушат?

Түштүк Кореянын эс тартып калган балдар-кыздары туулган күнүнө ата-энесинен эмне белек сурашат? Гаджет, жумшак оюнчук же үй жаныбары деп турасызбы? Европанын балдарынан айырмаланып алар мындай нерселерди кызыксыз көрүп калышкан. Ата-эне алардын бой тартып чоңоюп калганы үчүн пластикалык операция жасатууну белек кылышат.

Түштүк Кореянын жашоочулары сулуулукка өзгөчө көз караш менен карап, өздөрүн сыйда жүздүн стандарттарына дал келтирүүгө аракет жасашат. Фарфордой тунук бет териси, кырдач мурун, сурмасы кабатталган бакыракай көз, V формасындагы экинчи ээги алынган жаак, айтор мунун баары бир нече курмандыктардын жыйынтыгы десек болот. Статистикага таяп алганда, Түштүк Кореяда ар бир 5-корей аял же кыз скальпель алдында багынып бергендер. Бул жакта жагдай ушул, ал эми биздин өлкөдө пластикалык хирургия кандай өнүгүп жатат?

“Сүйлөшкөн кызымдын кыздык белгисин калыбына келтирип бериңиз”

Пластикалык хирургия азыркы учурда өтө деле кол жетпес бийиктик болбой калды. Мисалы, мен көзүмдүн үстүндөгү бош терини тарттырып, көздүн алдындагы шишик тарткан ашыкча майды алдырып салууну кааладым. Ушул көйгөйлөр менен борбор калаадагы пластикалык хирургия кызматтарынын бири Айнура Сагынбаеванын клиникасына баш бактым. Өз ишин билген адистер мен узаткан кошумча суроолордун баарына жооп берип, жаңы маалыматтар, практикасындагы кызыктар менен бөлүштү.

Көздүн сурмасын чыгаруу операциясынан кийинки жыйынтык.Сурма чыгаруу (блефаропластика) жана көздүн айланасына хирургиялык операция жасоо аталган клиникада 8500 сомдон баштап, 20 000 сомго чейин. “Кире бериште турган кыздарды байкадыңыз да? Көпчүлүгү көздүн сурмасын чыгарууга кеңеш алганы келгендер. Бизде сурма жасоо боюнча күнүнө 6-8ден адамга операция жасалат”, - дейт адис.

Кардарлардын арасында эркектер да жок эмес. Мурду, кулагы сынган же кайсы бир кырсыктан бетинде калган чоң шрамды жоготуп, жымсалдап бергиле деп келгендер бар. “Кыргызда канга сиңген менталитет кыздарды гименопластика (кыздык белгини калыбына келтирүү) жасатууга көп түрткү берет. Кыз-жигит жаштык кылды, ойноп коюшту. Ким эле болбосун ата-энесинин, кайын журтунун алдында “таза” чыккысы келет. Ал тургай сүйлөшкөн кызымдын кыздык белгисин калыбына келтирип бериңиздер деп болочоктогу келинчегин жетелеп келген жигиттер да бар”, - деп таң калтырды адис.

Кулактын формасын оңдоо же кичирейтүүгө жасалган операциянын жыйынтыгы.Мындан тышкары кардарлардан колдун булчуң этин ичкертүү, кулактын формасын өзгөртүү, бет терисин тарттыруу, ооздун формасын өзгөртүү, жаакка уяча (ямочка) түшүрүү, ичтеги ашыкча майларды алдыруу, колтуктун тердешине алып келген тери бездерин алдыруу, аялдардын жыныс кынын кичирейтүү сыяктуу операцияларга суроо-талаптар көп экенин билдик. Ушунун баары биздин өлкөдө жасалабы? Клиникадан чыгып баратып өзүмө-өзүм берген бул суроого кардарлардын үзүлбөй кирип жатканы жооп болду.

Байланыш үчүн телефон: +(996) 773 71 69 71

Веб-сайт: http://sagynbaeva.com/


кошулду
"Аялдар өзүңөргө кам көргүлө"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (38)
Djal1987
2017-09-06 21:27:27
Байкуш эркектер деле алданышат
+6
talant83
2017-09-06 23:37:59
Аллах берген нерсеге нааразы болуп, башка жасаткан ото чон куноо!!!
+3
jypara1415
2017-09-06 23:45:28
Кудай берген келбетиме нааразы эмесмин , мин мертебе шугур .
+4
O.dembele
2017-09-07 00:41:09
Мен башыма пластик операция кылсам олуп калбаймбы коркуп жатам
+1
raykray
2017-09-07 01:29:05
Мен козум астындагы мешокту жок кылсам эле болду эле, кээде аябай шишип кетет
+2
satiev87
2017-09-07 04:05:26
менин кудай берген келбетим озумо айябай жагат пластикага жол болсун.
+3
Isco22
2017-09-07 08:41:52
Ееее озунор билгиле отугунорду торго илгиле.
+5
ramik_87
2017-09-07 10:26:47
Бырыштарды кантип кетирсе болот. Ошол жонундо да жазгылачы сураныч.
+1
admin_superstan
2017-09-07 12:30:22
ramik_87, саламатсызбы! Бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз. https://www.super.kg/article/show/24077?searchtext=бырыштан
0
Isco22
2017-09-07 10:34:43
Ехееее жашоо жашоо деп заманды карачы! Аттин,жыртылганы андан тез тиктиргени андан тез, аттин дунуйо
+3
Isco22
2017-09-07 11:17:46
Бул бизнес,мисалы ХХХХ коркпой келе бергиле тигип беребиз дегендей
+2
Mavlyuda
2017-09-07 11:59:43
Күнөөгө батып жатышат. Жараткан берген келбетке өзгөртүү киргизгендер күнөө жасашып жатышат. Келечекте барибир зыяны тийип өкүнүшөт. Кудай сактасын
0
ludimira
2017-09-07 15:51:21
Ххммм дааа
0
Kaninaiman
2017-09-07 16:16:07
Заман эмне болуп бара жатат кечо досум болницага тиш даарылатканы барсам бир кыз чыкты алдыман дейт сизда аборт кылдыраспы дейт уялбай , мен азыр алдырып чыктым дейт москвада шунтип журобу кыргыз кыздары уяткоо,анан айылга кыздыкты тиктирип суттон ак болуп барышатта....
0
Isco22
2017-09-07 16:43:43
Kaninaiman,оа да
0
zamirbekorozalimovkg
2017-09-07 21:31:41
Таза натуралный кыздардын кыздыгын корбой калабызбы самаделкабы еми
0
Atas
2017-09-08 19:38:13
Uyat ele
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан