Ким эӊ активдүү, позитивдүү, креативдүү жана мамилечил? Албетте, студенттер. Студенттик жашоодо көптөгөн кызыктуулар болот. Муну менен кантип бөлүшпөй коюуга болот? Башкысы – интернети бар смартфон колдо болсо, дайыма баарлашуу үчүн тема табылат! Ооба, балким, стипендия канча кааласаӊ, ошончо баарлашууга жетпеши мүмкүн, бирок О! мобилдик оператору менен эмес!
Атайын эӊ активдүү, прогрессивдүү жана заманбап жаштар үчүн О! мобилдик оператору жаӊы окуу жылынын башталышына карата атайын жаӊы «О!го которул, СТУДЕНТ» тарифин ишке киргизүү менен чыныгы белек жасады.
Атайын тариф эӊ керектүүнүн баарын камтыйт: жогорку ылдамдыктагы 16 гигабайт чоӊ интернет топтом жана О! түйүнүндө акысыз баарлашуу үчүн жумасына болгону 80 сомго абоненттик төлөм.
Тарифке Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окугандар гана О! мобилдик операторунун каалаган сатуу жана тейлөө кеӊсесинде же компаниянын промоутерлеринде паспорт жана жарамдуу студенттик билетин же сынак китепчесин сөзсүз көрсөтүү менен кошула алышат.
"О! мобилдик оператору чынында эле студенттик чөйрөдө популярдуу, бул жөнүндө цифралар ырастайт: Кыргызстандын 16дан 25ке чейинки окуган жаштарынын 50 пайызы – бул биздин абоненттер. Окугандарды биздин тарифтердин жеткиликтүүлүгү, ошондой эле кошумча кызматтардын ар түрдүүлүгү өзүнө тартат", - деп О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко билдирди. – Студенттер – үнөмдүү эл болорун билип, биз атайын алар үчүн өзгөчө сунуш даярдадык – интернет-топтомдун болуп көрбөгөн чоӊ көлөмүн, О! түйүнүндө жана тарифтин ичинде акысыз баарлашуу мүмкүндүгүн бердик. Биз жаӊы сунушубуздан улам Кыргызстанда студенттик баарлашуу мындан дагы активдүү болот деп үмүттөнөбүз".
«О!го которул, СТУДЕНТ» тарифтик планы – бул О! мобилдик операторунан жагымдуу белектердин кезегин улантуу. О! мобилдик операторунун ийгилигинин сыры – дайыма мыкты идеялар, сапаттуу тейлөө жана арзан тарифтер.
Тезинен «О!го которул, СТУДЕНТ».