Адахан Мадумаров Өмүрбек Бабановду колдоого чакырды

Өмүрбек Бабанов түштүк жергесиндеги үгүт иштеринин алкагында Өзгөн шаарынын тургундары менен жолукту.

Жылуу тосуп алган Өзгөн элине өз ыраазычылыгын билдирген талапкер кыргыз элинин жашоосун түп-тамырынан өзгөртүүгө арналган "Алдыга жол!" программасы, жасай турчу кадам жана 5 тарыхый жарлыктары тууралуу кененирээк айтып берди.

Саясатчыны колдоого келген "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров: "Кочкордо башка талапкердин сүрөттөрүн алып жатыптыр. Башка жерде бул баланчанын-түкүнчөнүн жери деп кысымга алышыптыр. Өзгөн эли өз баласын четке чыгарса чыгарат, бирок өзгөнү эч качан кысымга алган эмес. Мен Өзгөнгө Бабанов келди деп нан-майым менен тосуп алдым. 2015-жылы шайлоодо айттым эле "Оштун, Чүйдүн, Жалал-Абаддын мыктысын тааныйм, бирок Кыргыздын мыктысын тааныбайм" деп. Кокту-колотту токтотуп, Кыргыздын татыктуу уулун тандайлы. Азыр аксакал менен сүйлөштүм, ал бийликтин кысымынан коркуп жатыптыр. Келе элек бийлик коркутса, анда келечекте эмне болот? Кыргызстанды алга сүрөйм деген уулдарды бир кылып, бөлүнбөгөн, жарылбаган Кыргызстанды түптөш биздин негизги максат. Менин принциптерим менен бийликтин азыркы саясаты караманча каршы келет. Менин жүрүп жаткан дөңгөлөгүмө жыгач сайган саясатты түшүнбөйм. Мыкты азамат бар болсо, аны көтөрө билели", - деди.

Талапкер Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө "баарыбыз биригип Кыргызстандын келечегин чогуу ойлошубуз керек" деди.

"Кыргыз эли уулум жумуштан айдалып калат же болбосо өз жердешиме добуш берип жатам деп туура эмес чечим чыгарбайт деп ойлойм. Чындыкты айтууга убакыт келди. Бажы кызматында, бала бакчаларда, мектептерде коррупция жокпу деген суроону өзүңөргө бергиле. Башка талапкерлердин программасын угуп жатып, алар пенсия, айлык-акыны эки эселеп көбөйтүп береби, көңүл бургула. Эгер бул амбициялуу иштерди аткарууга талапкердин колунан келбесе, анда анын эмне кереги бар? Коррупцияга, жумушсуздукка батып жашай бересиңерби? Өз келечегиңер үчүн күрөшкүлө! Бай, таза, өнүккөн мамлекетте жашагыңар келсе анда коркпостон алдыга кадам таштоого убакыт келди!" - деп өзгөндүктөрдү татыктуу талапкерге добуш берүүгө чакырды Өмүрбек Бабанов.

"Алдыга жол!" программасы 5 кадамдан туруп, президенттин тарыхый жарлыктары катары көрсөтүлгөн. Алар өлкөдөгү башкы тиричиликти түп тамырынан бери өзгөртүүгө арналган:

  • Өлкөнү башкаруунун жаңы стили
  • Жаңы экономика жана социалдык саясат
  • Коррупциясыз өлкө. Көз карандысыз саясий система.
  • Коопсуз мамлекет
  • Эффективдүү тышкы саясат. Маданий мурас

Аткаруучу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Бабанов Ө.Т.
Шайлоо фондунан төлөндү, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тогузбаева Ч.Э. Нускасы: 1, чыгарылган датасы: 16.09.17

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан