"Альянс Алтын" компаниясы "Бакубат Талас" фондусу менен Талас шаарында милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үй куруп берди

Талас облусунун тургундары үчүн социалдык пакетти ишке ашыруу максатында “Альянс Алтын” компаниясы, “Бакубат Талас” фондусу, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери үчүн эки батирлүү кызматтык үй куруп беришти.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кайрылуусунун негизинде Фонддун байкоочу кеңешинин чечимине ылайык 2017-жылдын март айында үй курууга 3 035 227 сом каражат бөлүнгөн. Курулуш иштерин башынан аягына чейин жүргүзгөн “Bivicom Ltd” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан каражатты максаттуу пайдалануунун жыйынтыгында алты ай аралыгында курулуш иштери сапаттуу жүргүзүлүп, 15-сентябрь күнү кызматтык үйдүн салтанаттуу ачылышы болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө көптөгөн жылдардан бери облустук ички иштер органдарында кызмат кылып үй алуу үчүн кезекте турушкан кызматкерлер ага лейтенант Нурлан Ташматов менен капитан Анзор Хасанов батирлердин ачкычтарын алышты.

Майрамдык салтанатка Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Д.Кенекеев, “Альянс Алтын” компаниясынын башкы директорунун орун басары К.Мусаев, Талас облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы И.Касымбаев, ички иштер органдарынын ардагерлери жана башкармалыктын өздүк курамы катышты.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын ардагерлери облуста акыркы 40 жыл аралыгында биринчи жолу милиция кызматкерлери үчүн кызматтык үй курулгандыгын кубануу менен белгилешип, “Альянс Алтын” компаниясына, “Бакубат Талас” фондусуна ыраазычылык билдиришти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан