Жабык имараттагы Азия оюндары: Балбан Руслан Тавалдиев коло медалын ээледи

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында 17-27-сентябрь аралыгында өтүп жаткан уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарында Руслан Тавалдиев алыштын классикалык стилинде коло медалын жеңип алды.

Руслан Тавалдиев 80 килограммга чейинки салмак ченинде күрөшүп алгач филиппиндик Манадат Жеферсонду жеңип алган. Жарым финалда Кыргыз балбан түркмөнстандык Гуванч Ягмуровго туш келген. Финалга өтүү үчүн беттештин жыйынтыгында түркмөн балбаны жеңүүчү болуп, Кыргыз балбаны коло медалын тагынды.

Эске салсак, буга чейин Руслан Тавалдиев ушул эле оюндарда алыштын эркин стилинде күмүш медалына татыган.

Бул жыйынтык менен Кыргыз өлкөсү жалпы медалдык эсепте 10-орунда келе жатат. Кыргыз өлкөсүнүн капчыгында 6 алтын, 13 күмүш жана 22 коло медаль бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан