ТЕСТ: Күүнүн башы - Камбаркан. Күүлөнгөн бойдон тесттен күчүңүздү бир текшерип көрүңүз
Комуздун үч кылынан чыккан күүнү муюп угуп, күүнүн тилин түшүнгөндөр бар. Кыргыз маданиятынын бөлүнгүс бир бөлүгү болгон комуз күүлөрү сиздин да дилиңизге жакын, көкүрөгүңүздүн эңсегени болсо аны угуп ырахат алып жүргөн чыгарсыз. Аш-той, жакшылыктарда угуп жүргөн күүлөрдүн аталышын, баянын, авторлорун канчалык деңгээлде билесиз? Билимиңизди тест аркылуу аныктаңыз.