Варикоз модада эмес!

Кыска юбка, көйнөк, стилдүү чолок шымдардын кийилбей гардеробдо туруп калышына түрткү болгон жагымсыз дарт – бул варикоз. Анткени буттагы ийри-буйру көк, барсайган кан тамырлар айымдардын буттарын жагымсыз көрсөтөрү талашсыз. Бул дагы коркунучсуз, андан да коркунучтуусу – эгерде варикозду учурунда дарылабаса, алардын натыйжасында тромбоз, буттагы трофикалык жаралардын жаралышына алып келет.

Варикозду жана башка кан тамырларга байланыштуу ооруларды врач-флеболог дарылайт. Албетте, тамырлардын варикоздук кеңейүүсүн врачсыз деле карап билүү мүмкүн. Бирок атайын текшерүүлөрдүн негизинде гана оорунун келип чыгуу себептерин жана анын күчөп кетишин аныктоого болот. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгын карап чыккандан кийин врач-флеболог дарылануунун жолун иштеп чыгат.

Бактыга жараша, акыркы учурда варикоз оорусунан дарылануу үчүн дарыгердин эшигин каккандардын саны кескин өзгөрдү. Түз эле операция жасоо, узак убакытка созулган дарылануу, кескенден калган тактар... Мунун баарын азыр эндовазалдык лазердик коагуляция (жарыкка кактап дарылоо) методу алмаштырган.

Дарылоонун бул оңой ыкмасы Кыргызстанга 2012-жылы “Флебоцентр” клиникасынын хирургдарынан турган топ киргизген. Ошол күндөн ушул убакка чейин ыкма ийгиликтүү колдонулуп келет. Жарыкка кактап дарылоо ыкмасына ылайык, бейтап ооруканага жатпастан эле реабилитациясыз айыга алат. Дарылануу процессинен өткөн адам эч кыйналуусуз дароо үйүнө жиберилет. Мындан тышкары лазер менен дарылоодон кийин так калбайт жана белгилүү гана жерге наркоз берүү менен ишке ашат.

Айымдардын көпчүлүгүн варикоздун өзү эмес, бул оорунун кесепетинен денеде пайда болгон майда кан тамырлардын “жылдызчаларынан” көбүрөөк түйшөлөт. Мындай кырдаалда эң эффективдүү ыкма катары склеротерапия колдонулат. Атайын препараттар менен дарылаган бул ыкманын жыйынтыгы майда кан тамырлардан жаралган торчолордун жоголушуна алып келет.

Майда косметикалык дарылоолордон тышкары “Флебоцентр” клиникасында өтүшүп кеткен варикоз, трофикалык жара сыяктуу коркунучтуу оорулар да дарыланат. Дарылоо технологиясынын заманбап ыкмаларын колдонуп, “Флебоцентр” клиникасынын адистери сиздерге туура келген кызматтарды көрсөтүшөт. Ошондой эле сиз флебологго канчалык эрте кайрылсаңыз, дарылоо ошончолук эффективдүү жана жеңил өтөт.

“Флебоцентр” клиникасынын байланыш телефондору: 0 (312) 30-03-03;

0 (556) 87-03-03; 0 (706) 87-03-03. Дареги: Москва көчөсү, 186. Турусбеков көчөсү менен кесилишкен жерде.


кошулду
Варикоз модада эмес!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Syn4y
2017-10-06 15:48:11
Наркомандын буту окшойт
0
sabina90
2017-10-06 17:41:37
Ото эле кымбат экен 55000-60000 сом болсо,мен дагы дарылатышым керек эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан