Казакстандын Тышкы иштер министрлиги президент Атамбаевдин сөзү боюнча билдирүү таратты

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги президент Алмазбек Атамбаевдин бүгүн, 7-октябрдагы сүйлөгөн сөзү боюнча билдирүү таратты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.

"Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз ЖМКларында жарык көргөн президент Алмазбек Атамбаевдин Казак жетекчилигинин дарегине айткан сөздөрүнө байланыштуу чечкиндүү нааразычылыгын билдирип, аны эки элдин достук мамилесинде жол берилгис деп эсептейт", - деп жазылат билдирүүдө. "Кыргыз президентинин шайлоо алдында жоопкерчиликсиз, чагымчылдык, өз кезегинде жалган билдирүүсү көп кылымдан бери уланып келе жаткан эки өлкөнүн достук мамилесине жана эки тараптуу кызматташуусуна таасирин тийгизбейт деп ишенебиз. Казакстан Кыргыз тарап менен бир туугандык мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган жолду улантат", - деп белгиленет Казак ТИМинин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан