Борбордун эски аянтында өткөн Айт намазга 70 миңден ашуун адам келди
Бүгүн эртең менен Бишкек шаарынын эски аянтына муфтияттын маалыматы боюнча, 70 миңден ашуун адам чогулду. Айт намазга вице-премьер Тайырбек Сарпашев, акыйкатчы Турсунбек Акун, спикер Асылбек Жээнбеков, муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев жана Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов да катышып, өз куттуктоолорун айтышты.