Жалал-Абад шаарында Сооронбай Жээнбековду колдоого 50 миңден ашуун шайлоочу келди

Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбеков 10-октябрда Жалал-Абад шаарында жолугушуу өткөрүп, ага шаар тургундарынын жана Сузак районунун айрым айылдарынын жашоочуларынын ичинен 50 миңден ашуун шайлоочу келип катышты.

Сооронбай Жээнбеков жалал-абаддыктарга «Өлкөдөн кымбат дөөлөт жок» аттуу программасы туурасында айтып берди: «Менин программам - жөнөкөй, түшүнүктүү жана ишке ашырууга толук мүмкүн болгон реалдуу программа. Биринчиден, буга чейинки аткарылып келген иштерди ырааттуу улантуу. Экинчиден, реформалардын жаңы этабынын кепили болуп берүү. Программамдын максаты – буга чейинки конкреттүү аткарылган иштерди көрсөтүп берүү. Биз эмнеге таянып, келечекте эмнелерди аткара ала турганыбызды ачыктап берүү».

Ал жакынкы 6 жылда аткарыла турган иштер арбын экендигин жана ишке ашырылган нерселерди бекемдөө зарылдыгын белгиледи. «Элибиздин мээнетинин, биримдигинин аркасы менен Кыргызстаныбызда бейпилдик жана туруктуулук өкүм сүрүп турат. Биз буга оңой-олтоң эле жетише койгон жокпуз. Аны көздүн карегиндей сактап, жоготуп албашыбыз керек! Мен премьер-министр болуп турган мезгилде экономикалык өсүштүн деңгээлин дээрлик 12 пайызга жеткирдик. Экспорттун көлөмүн 30 пайызга жогорулаттык», - деп билдирди Жээнбеков.

Ошондой эле ал айлык акылар менен пенсияларды көтөрүү, коррупцияга каршы күрөшүү, айыл чарбасына бериле турган жана ипотекалык насыялардын үстөк пайызын төмөндөтүү маселелери дайыма көңүл борборунда боло тургандыгын баса белгиледи. Жолугушуунун аягында ал жалал-абаддыктардын суроолоруна жооп берди. Суроолор негизинен социалдык-экономикалык көйгөйлөргө байланыштуу берилди. «Мага менин үй-бүлөм, бир туугандарым туурасында көп суроо беришет. Мен үчүн мамлекет баарынан кымбат. Менин жакындарым жана бир туугандарым эч качан мамлекеттик башкарууга аралашпайт», - деди Жээнбеков.

Жалал-Абад шаарынын тургундары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин кызуу колдоп, алдыдагы шайлоодо өлкөдөн кымбат дөөлөт жок деп эсептеген Сооронбай Жээнбековго гана добуш бере тургандыгын белгилешти. Сооронбай Жээнбеков – шайлоо бюллетенинде №9!

Даярдоочу: ЖЧК «SUPER.KG» (СУПЕР. КЕЙ ДЖИ), Бишкек ш., Күрөңкеев к., 180.
Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
Нускасы 1 даана. Чыгарылган датасы: 11.10.2017-ж.

кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан