Бүгүн, 15-октябрда Кыргыз Республикасында президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, талапкер Сооронбай Жээнбеков 50 пайыздан көп добуш алып 1-турдан эле утууда.
Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, Жээнбеков шайлоодогу негизги атаандашы Өмүрбек Бабановду келечекте өзүнүн командасында көрүүнү эч ойлобой турганын айтты.
Мындан тышкары ал тарапташтарына, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Айта кетсек, Борбордук шайлоо комиссиясы берген акыркы маалыматтарга караганда, бүгүнкү президенттик шайлоого шайлоочулардын 55,93 пайызы катышты. Ал эми Өмүрбек Бабанов экинчи орунда, Адахан Мадумаров үчүнчү орунда.