Борбор шаарлар тууралуу оюн ойнодуңуз беле? Көпчүлүгү ооба деп жооп берери ыктымал. "Мен дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин борбор калаасын билем" дегендер да жок эмес.
Борбор шаарлар тууралуу кызыктуу фактыларды да окусаңыз керек. Мисалы, Швейцариянын расмий борбор шаары жок, Берн болсо федералдык маанидеги шаар. Ал эми Танзаниянын эки борбору бар. Дар-эс-Салам административдик борбор болсо, Додома мыйзамдуу борбор калаа.
Тест география, тарых сабактарын эстегенге түрткү болот. Билимиңизди текшерип көрүңүз.