SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" бөлүмүнө окурман айыл өкмөттөгү тийиштүү бөлүмдөрдүн өз маалында жумуш ордуна келбегендиктерин айтты.
"Талас облусуна караштуу Талас районунун Калба айыл өкмөтүнө барсам эч ким жок. Бир маалым кат алуу үчүн кечке күттүм. Түштөнүү маалы 13:00дө бүтмөк экен, бирок алар келип кеңсени ачпагандыктан кетип калдым. Айыл элинде деле иш бар. Аларга тийиштүү тейлөө көрсөтүү үчүн буларды ким көзөмөлдөйт?" - деди окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.