Кара-Сууда пахта өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүү боюнча талаа күнү өткөрүлөт

Бүгүн, 20-октябрда Ош облусунун Кара-Суу районунда пахта өстүрүүнүн жаңы ыкмаларын өздөштүрүү жана пахтаны айыл чарба техникасы менен жыйноону көрсөтүү максатында талаа күнү өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, талаа күнүнө айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министри жана министрдин орун басары тиешелүү адистер, ошондой эле Ош, Жалал-Абад облусунун дыйкандары катышат.

"Иш-чаранын жүрүшүндө түштүк региондору үчүн өтө пайдалуу жана кирешелүү болгон пахтаны айдоонун жана оруп жыйноонун жаңы техникалык эрежелери жөнүндө сөз болуп, жаңы үлгүдөгү айыл чарба техникалары көрсөтүлөт. Пахтанын түшүмүн жыйноодо кол күчүн азайтуу жана кыска мөөнөттө жыйнап алуу үчүн дыйкандарга Өзбекстандан чыгарылган акыркы үлгүдөгү трактордун аткарган иши иш жүзүндө көрсөтүлөт. Мындан сырткары бул техникаларды лизингге сатып алуу, техникалык тейлөө жана адистерди даярдоо боюнча дыйкандарга маалымат берилет", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
toktor89
2017-10-20 11:31:36
Дагы ХХХХ дейсинер.
ХХХХ жетип алсанар жан калчу эмес экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан