Бүгүн, 23-октябрь – Эл аралык ак илбирс күнү. Илбирс кыргыздар үчүн эзелтен ыйык жаныбар катары сыпатталып, кыргыз элинин, кыргыз баатырларынын колдоочусу болуп эсептелип келген. Экологдордун берген маалыматына таянсак, учурда дүйнө жүзүндө болгону 3 миңдей илбирс калган. Ак кар, көк музду байырлаган сейрек кездешүүчү бул жаныбар тууралуу канчалык маалыматыңыз бар? Төмөндөгү тесттен өтүп, өзүңүздү сынап көрүңүз.