Кыргыз жериндеги ар бир жер-суу аталыштарынын келип чыгуу тарыхы бар. Айрымдарыбыз өзүбүз туулуп өскөн жердин аты кандай маани бере тургандыгын биле бербейбиз. Анткени жер-суу аталыштарынын келип чыгышы жүздөгөн жылдарды, ондогон кылымдарды кучагына алат. Ошол мезгил ичиндеги тарыхый окуялар, жер бетинин түзүлүшү, ошол аймакта жашаган элдин турмуш-тиричилиги жер-суу аттарынын келип чыгуусуна себеп болот.