"Бизди шаардын жашоосуна кошуп жатышат"

Бүгүнкү күнү коомдо көңүл бурууга, эң негизгиси баарлашууга зарыл болушкан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жөнүндө канчалык деңгээлде байма-бай эстеп турушат?

Ош шаарынын күнүндө, 5-октябрда шаардык мэрия Алишер Навои атындагы №18-орто мектептин алдындагы инклюзивдик билим берүү ресурстук борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн майрам уюштуруп берди.

Камкор апалар үчүн уюштуруучулар атайын чогултулган гүлдөрдүн композициясын тартуу кылышты. Майрамга келген катышуучулардын баарын балдар музыкалык мектебинин жаш артисттери кубандырышты. Балдардын арасынан кыймыл-аракети чектелүү, басып-турууда ден соолугунда көйгөйү бар 11 жаштагы Чынара жан дили менен ыр аткарды.

Майрам учурунда ар бир балага зарылчылыгына жараша белектер берилди. Ошондой эле иш-чаранын алкагында бардык катышуучуларга майрамдык сыйларды көрсөтүштү.

Социалдык кызматкер Салтанат Аманова белгилегендей, социалдык кызматтын көңүл борборунда үй-бүлөлөр турат.

"Шаарда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды реабилитациялоого жардам көрсөтүү, үй-бүлөлүк демилгелерди колдоо, өз ара жардам көрсөтүүнү өнүктүрүү жана мекемелер аралык кызматташтыкты жакшыртуу үчүн атайын программалар түзүлдү", - дейт Салтанат Аманова.

Асель Ниязова - Айыманын апасы. Ал майрамга чакырылган бардык ата-энелердин, балдардын атынан Ош шаардык мэриясына, демөөрчүлөргө колдоосуна жана алардын балдарына көңүл буруп жатышканына ыраазычылык билдирип, рахматын айтты. Ал даталуу күндөрдө гана эмес, жөнөкөй учурларда да балдарды эстеп жатышканына ыраазы болду.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш алып барган Айгүл Кудайкулова мэриянын жетекчилигине мээримин сездирип, башка да көптөгөн маселелерди чечүүдө кол кабыш кылгандыгы үчүн ыраазычылык катын тапшырды.

А.Навои атындагы №18-мектептин инклюзивдүү билим берүү борбору 6 жылдан бери иш алып барат. Бул мезгил аралыгында борбор 70тен ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кабыл алды. Борбор Борбордук Азиянын Евразия фондунун "Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды инклюзивдүү билим берүү процессине кошуу" долбоорунун алкагында, Сорос-Кыргызстан фондунун жана Ачык Коом институтунун колдоосу менен түзүлгөн. Аталган борборду психолого-медико-педагогикалык кызмат коштойт. Бул жерде психологиялык жана педагогикалык жактан колдоо алган балдар өз курдаштары менен бирге жалпы билим берүүчү мектептерде артыкчылык менен билим ала алышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан