Келечектеги мугалимдер инклюзивдүү билим берүүнү иш жүзүндө үйрөнүүдө

Чүй облусуна караштуу Лебединовка айылындагы №1-мектептин Ресурстук борборунун базасында "Инклюзивдүү билим берүү жумуштарына болочок мугалимдердин катышуусу" деп аталган тегерек стол өттү. Иш-чарага райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, Ресурстук борбордун адистери, студенттер катышты.

2015-жылы алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштешкен педагогдорго жардам көрсөтүү максатында биригишкен. Алгачкылардан болуп өз каалоолорун Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика факультетинин ыктыярчы-студенттери билдиришти.

Иш-чара Борбордук Азиядагы Евразия фондунун "Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдүү билим берүүдө коштоп жүрүү" деп аталган долбоорунун алкагында уюштурулууда. Аталган долбоор "Сорос-Кыргызстан" фонду тарабынан каржыланган.

"Ыктыярчылар иштин жүрүшүндө балдар менен сүйлөшүп, алардын билимин өнүктүрө турган түрдүү иш-чара, сабактарга катышат. Мындан тышкары ата-энелердин балдары менен болгон сейилдөөсүнө, тиричилик көйгөйлөрүн чечүүгө жардамдашып, маданий иш-чараларга да катышып турушат. Мунун баары Ресурстук борбор тарабынан уюштурулат", - деп билдирди ыктыярчылардын жумушу тууралуу КМУнун инклюзивдүү билим берүү лабораториясынын жетекчиси, профессор Кеңеш Тилекеев.

Аталган мектептин директору Күлбүбү Ыскакова өз сөзүндө ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген балдарды жана алардын үй-бүлөсүн камкордукка алууда ыктыярчылардын орду чоң экендигин баса белгиледи.

"Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын курагына жана акыл-эсинин өсүүсүнө жараша студент-ыктыярчылар ар кандай сценарийлерди түзүп, жомокторду театрлаштырып көрсөтүп, түрдүү сынактарды уюштурат. Окуу жылынын башталышында психолог менен социалдык педагог "Настенная аппликация" атту мастер-класс өтүшкөн. Балдар, ата-энелер, ыктыярчылар, мугалимдер фетрдан 2 чоң сүрөт жасап, дубалга илип, өздөрү жараткан эмгектен ырахат алышкан", - дейт Ысакова.

Долбоордун менеджери Анара Надырбекова ыктыярчылардын жумушунун негизги принциптери - баланын укуктарын сактоо жана анын үй-бүлөсүнүн маданиятына сый мамиле жасоо экенин белгиледи.

"Эң негизгиси мугалимдер инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин түшүнүүсү керек. Балдарга болгон камкордуу мамиле педагогикалык маданияттын бир бөлүгү болушу талап", - дейт Надырбекова.

Өз кезинде студенттер да бул жумушка кантип келип калгандыктарын, келгенден кийин Ресурстук борбордун адистеринен сабак, тажрыйба алып андан кийин балдар менен таанышканын айтып беришкен.

"Биз балдар менен чогуу окуп жатып кызыктуу тажрыйбага ээ болдук. Бизге ата-энелерге өз алдыбызча кеңеш берүүгө жана балдардын өнүгүшүнүн жеке программасын түзүп чыгууга мүмкүнчүлүктөр берилди", - деп билдирди 3-курстун студенти Ширин.

Учурда ар бир ыктыярчы студент ден соолугунун мумкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөлөрүнө бекитилип берилген.

Тегерек столдун жүрүшүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аларды тарбиялап жаткан ата-энелерине жардам көрсөткөн активдүү ыктыярчыларга ыраазычылык каты ыйгарылды. Студенттер мындан ары да ыктыярчы кызматын уланта тургандыгын билдиришти.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан