"Газпром нефть" түйүндөрүнөн май куйган кардарынын көптөн күткөн кыялын орундатып, Ысык-Көлдүн жээгиндеги 3 бөлмөлүү коттеджди тапшырды

Бишкекте 31-октябрда “Газпром нефть” май куюучу жайлар тармагы уюштурган “Кыялыңызды утуп алыңыз!” акциясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Салтанаттуу иш-чарада ноутбуктар, унаа үчүн шаймандар, G-Drive сертификаттары сыяктуу 200дөн ашуун белектер жеңүүчүлөргө тапшырылды. Кереметтүү Ысык-Көлдүн жээгиндеги жаңы үч бөлмөлүү коттеджди жеңип алуу үчүн буга чейинки 1-2-турларда белекке ээ боло албай калган бардык скретч-карталар ат салышкан.

Жеңүүчүлөрдүн төбөсү көккө жете кубанганы алардын бактылуу жүздөрүнөн байкалып турду. Ал эми 2-этаптын башкы байгеси - Ысык-Көлдөгү "RoyalBeach" шаарчасынан жаңы 3 бөлмөлүү коттедж Замирбек Чакировго буюрду.

"Мен Ысык-Көлдүн жээгинде үйүм болушун кыялданчу элем. "Газпром нефть Азия” компаниясы менин көптөн күткөн кыялымды орундатты. 85 жаштагы апам бар. Алгач аны унаама салып алып жаңы үйүбүзгө алып барып, батасын алып босогосун аттагыбыз келет", - деди ал.

"Газпром нефть Азия" компаниясынын башкы директорунун орун басары Алишер Жолчуев акция тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди.

"Жалпысынан "Кыялыңызды утуп алыңыз!" акциясына 213 миң скретч-карта катышкан. Бул Кыргыз өлкөсүнүн түндүгүндөгү ар бир үчүнчү айдоочу катышты дегенди билдирет. Ноябрда жаңы акциялар башталат, бардык шаар тургундарын бизге кошулуп, кыялындагы белектерин утуп алууга чакырабыз.

Учурда кардарларыбыз лоялдуулук программасына катышып жатышат. Алардын 70 пайызынан көбүндөСапарыбыз бирлоялдуулук картасы бар. Бул картаны 200 сомго сатып алууга болот. Андан соң унаага май куйган сайын бонустар кошулуп турат".

Ал эми каалаган өлкөдө жакын адамы менен саякаттоого жолдомону уткан 45 жаштагы Нарынбек Оморов жеңүүчү болгонуна башында ишенбегенин айтып берди.

Мен жолдомону утуп алам деп ойлогон эмесмин. Азыр кубанычыбызда чек жок. Жубайым Бириккен Араб Эмираттарына баргысы келип жатат, ал эми мен Америкага барсакпы деп ойлоп жатам", - деди ал толкунданганын жашыра албай.

Акциянын 2-этабынын жеңүүчүлөрү жана башкы байгенин ээси Бишкектеги "Рекорд" радиосунда көз карандысыз комиссиянын катышуусу менен 25-октябрда түз эфирде аныкталган.

"Газпромнефть" түйүндөрүнөн май куйган автоунаа ээлери бир убакытта көптөгөн мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат. Алар Орусиянын сапаттуу, экологиялык стандарттагы "Евро-5" күйүүчү майын колдонуу менен "Сапарыбыз бир" аттуу программасы боюнча упай топтоп, көптөгөн акциялардын эсебинен баалуу белектерди утуп алса болот

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы "Кыялыңызды утуп алыңыз!" акциясынын 2-этабынын жеңүүчүлөрүн чын жүрөктөн куттуктайт жана кардарларына оюнга катышканы үчүн ыраазычылык билдирет!

“Газпромнефть” май куюучу жайлар тармагы коопсуздук үчүн кардарларын күмөн жараткан чалууларга ишенип акча которбоосун эскертет. Эгер суроо жаралса, 5151 номери аркылуу бирдиктүү кардарларды колдоо борборуна кайрылууну сунуштайт. Мобилдик телефондон чалуулар бекер.


кошулду
"Газпром нефть" түйүнүнүн 3 бөлмөлүү коттеджи өз ээсин тапты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан