Кечээ, 2-ноябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо футбол боюнча жаштар арасындагы (U-19) Азия чемпиондугу-2018 тандап алуу оюндарынын алкагында Непал-Бахрейн курама командаларынын беттеши орун алды.
Анда тандап алуу этабынын 2-турунда Непал-Бахрейн курамалары кездешип 0:3 эсебинде аяктады. Эсеп санын 20-мүнөттө Бахрейн курама командасы ачты. Анын чабуулчусу Али Хасан Мефта атаандашынын дарбазачысы менен бетме-бет чыгып, таамай сокку менен эсепти 0:1 кылды. 69-мүнөттө Али Хасан Мефта коргоочуларды алдап өтүп эсепти 0:2 кылды. Оюндун аягына 3-мүнөт калганда айып аянтчага көтөрүлгөн топко Иса Альхатал биринчи жетип, башы менен узаткан соккусу таамай болуп эсепти 0:3 кылды. Муну менен Бахрейн курамасы алгачкы 3 упайга ээ болду. Ал эми Непал командасы 2-жолу жеңилүү ызасын тартты.
Тандап алуу этабынын 3-турунда Бахрейн командасы Кыргыз курамасы менен беттешсе, Непал курамасы БАЭ менен беттешет.
Эске салсак, кечээ, 2-ноябрда Кыргыз курама командасы Оман менен беттешип, 0:3 эсебинде жеңилип калган.