Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналган иш-чарага катышат

Бүгүн, 7-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө байланыштуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги эстеликтерге гүл коюу аземине катышат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада 1916-жылдагы кайгылуу окуянын курмандыктары, саясий репрессиянын курмандыктары жана 2010-жылы Апрель революциясында курман болгондор жана улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов эскерилет.

Андан соң өлкө башчысы борбордук "Жеңиш" аянтындагы Өчпөс отко гүл коёт.

Атамбаев мындан тышкары Кыргыз-Орусия өлкөлөрүнүн достук монументине арналган сейил бактын ачылыш аземине катышат.

"Өлкө башчысын коштоп жүрүүчүлөрдүн арасында Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, президенттик кызматка жаңы шайланган Сооронбай Жээнбеков, өкмөт башчы Сапар Исаков жана Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева бар. Бул иш-чара быйыл өлкөдө биринчи ирет белгиленип жаткан Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө арналмакчы. Мындай иш-чара өлкөнүн бардык облустарында жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан