Президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен 7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп жарыяланган. Бул күндөр быйыл биринчи ирет белгиленип жатат.
Мындан 79 жыл мурун, 1938-жылы 5-ноябрда жана 8-ноябрда Кыргыздын алгачкы интеллигенттери, ошол кездеги партиялык жана башка кызматтардын жетекчилери "улутчул, панисламчыл, эл душмандары" деп айыпталып, атылышкан. Алардын сөөктөрү Бишкектин өйдө жагындагы Чоң-Таш айылына жакын жердеги чуңкурга көмүлгөн.
1991-жылы жалпысынан 19 улуттун өкүлүнөн турган 138 адамдын сөөгү табылып, "Ата-Бейит" комплексинде жерге берилген. Алардын арасында Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков өңдүү кыргыздын каймактары болгон. Кыргыздын туңгуч интеллигенциясынын өкүлдөрү өлкөнүн мамлекет болуп түптөлүшүнө, илим-билимдин, маданияттын өнүгүшүнө, экономиканын жогорулашына жана кыргыз элинин социалдык жашоо-турмушунун калыптанышына зор салым кошкон.
Буга байланыштуу 8-ноябрь Кыргыз мамлекетинде репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү катары кабыл алынган.