Улуу Британияда автобус дарыяга кулап кетип, 17 адам жабыркады.
"Гэмпширде алтынчы класстын окуучуларын ташыган эки кабаттуу автобус жолдон тайгаланып, дарыяга кулап кеткен үч адам ооруканага жеткирилди", - деп айтылат чет элдик басылмалардын маалыматында.
Окуя болгон жерге эки тик учак жана беш "Тез жардам" унаасы жиберилгени такталды. Жалпысынан автобуста 19 жүргүнчү болгон. 14 адамга жеринде медициналык жардам көрсөтүлд.
Тергөө иштерине байланыштуу жол 12 саатка жабылышы мүмкүн.