Mega iTV кызматын кошуп ал да телеберүүлөрдү бир ай акысыз көр!

Mega iTV кызматын 2017-жылдын 1-декабрына чейин кошуп алып, 30 күн бою телеберүүлөрдү акысыз көрүңүз! Mega iTV жаңы кызматына кошулуп жаткан арбын сандагы абоненттердин катарына сиз дагы кошулуп, анын артыкчылыктарына баа бериңиз.

Кызматты кошуп алган абоненттерге 70 рейтингдик канал сунушталат. Mega iTV үй-бүлөңүздүн көңүлүнө төп келе тургандыгы бышык. Mega iTV – бул мультфильмдер, кызыктуу сериалдар, документалдуу фильмдер, мыкты блокбастерлер жана жаңылыктар.

MegaCom Mega iTV кызматын 2017-жылдын 1-декабрына чейин кошуп алган учурда сизге жагымдуу бонусту – телеберүүлөрдү 30 күн акысыз көрүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайт. Бул үчүн төмөндөгү аракеттерди аткаруу жетиштүү:

  • *710*1# буйруусун териңиз;
  • Android же iOS базасындагы түзмөгүңүзгө Google PlayMarket жана AppStore мобилдик тиркемелер дүкөнүнөн Mega iTV колдонмосун жүктөп алып, орнотуңуз;
  • Тиркемени ишке киргизгенден кийин телефондун номурун 055Ахххххх форматында терип, SMS аркылуу келген паролду киргизиңиз;
  • түзүлгөн аккаунтту ачып, кызыктуу берүүлөрдү көрүүдөн ырахат алыңыз.

Кызматка кошулуу боюнча видео-нускама менен Facebook социалдык тармагындагы расмий баракчабыздан тааныша аласыз.

Сынап байкоо мөөнөтү аяктагандан кийин кызматтын абоненттик төлөмү суткасына 5 сомду түзөт. Mega iTV көрүүдө интернет-трафик тарифтелбейт. Кызмат "Элдик" жана "Элдик Интернет" тарифтик пландарында кошуу үчүн жеткиликтүү. Кызматтын алкагында телеканалдардын трансляциясы Акнет компаниясы аркылуу ишке ашырылат. Mega iTV кызматы тууралуу толук маалыматты MegaCom компаниясынын расмий сайты аркылуу алсаңыз болот.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Bek_abad
2017-11-09 16:16:00
Только кр номер менен каттала алабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан